ЖАМБЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМБЫ (моңголчо ёмба) – ар кандай салмак­та, түрдүүчө өлчөмдө уютулган күмүш.

Анын бай­калбаган кыл өтүүчү жылчыктары болгон. Ал соодада нарк өлчөмү, алыш-бериште белек ка­тары колдонулган. Жамбынын бөйрөк жамбы (адамдын бөйрөгүнө окшош), туяк жамбы (майда жандыктар­дын туягына окшош куюлган), тай туяк жамбы, чоң кулак жамбы, шаңшур жамбы, чочпара жамбы (наркы 100 койго барабар), төө көз жамбы, уй көз жамбы (он-жыйырма койго барабар), кой көз жамбы (беш кой­го барабар) жана башка түрлөрү кездешкен. Байлар, бийлер, болуштар, дин ишмерлери, соодагерлер байлыктарын жамбы түрүндө жыйнашкан.