ЖАМБЫЛ Жабаев

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМБЫЛ Жабаев (28. 2. 1846, азыркы Казак­стан, Жамбыл облусу, Жамбыл тоосунун этегин­де – 22. 6. 1945, Алматы) – казак акыны. Асан Кайгы, Букар ырчы, Жөжө, Балта, Шернияз, Шортон­бай, Дулат, Доскожо, Май­көт ж. б. акындарды үлгү туткан. Ошону м-н эле бир­ге, канатташ кыргыз эли­нин сөз өнөрүн мыкты бил­ген. Кыргыз жерин аралап ырдап, өлөң айтып, күү чер­тип, өнөрүн элге тааныткан. Акындын революцияга чейинки чыгармалары өз оозунан ж-а шакирттеринен жазылып алынган. Кылым жашап, эки доордун күбөсү болгон акын мезгил м-н өмүр тууралуу ой толгоп, заман чындыгын, эл турмушун ырга кошкон. Дастан да айткан. Жамбылдын чыгармачылыгы тематикага бай, чыгармалары­нын мазмуну терең, көркөмдүгү жогору болгон. «Замана агымы», «Жаштар алдындагы сөз», «Өмүр жөнүндө ыр», «Ала-Тоо», «Советтер Сою­зу» ж. б. ырлары белгилүү. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Жамбыл элди жеңишке үндөгөн оптимисттик, патриоттук ырларды жараткан («Москвага», «Ленинграддык балдарым», «Ал­гадай тууралуу ыр» ж. б.). Жамбылдын ырлары чет тилдерге, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941). Ленин орде­ни, башка ордендер м-н сыйланган. Жамбыл облусу анын ысмында.

Чыг.: Тандалган ырлар. Ф., 1955; Избранные произведения. А.-А., 1958.

Ад.: Исмаилов Е. Акыны. А.-А., 1957; Очерк исто­рии казахской советской литературы. М., 1960.

А. Садыков.