ЖАМГЫРЛАТЫП СУГАРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМГЫРЛАТЫП СУГАРУУ , ж а а д ы р ы п с у г а р у у – айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу ыкма­сы; мында атайын техникалык түзүлүштөр м-н өсүм­дүккө ж-а кыртыш бетине суу жамгырдай чачыратылат. Каптатып же бороздоп сугарууга ка­раганда жамгырлатып сугаруу көп артыкчылыкка ээ. Топурак ж-а өсүмдүктүн нымдуулугу жакшырып, температу­расы төмөндөйт, өсүмдүк жалбырагындагы чаң жуулуп, дем алуусу, сиңириши жакшырат, органикалык заттар көп топтолот. Топуракка ным тез тара­гандыктан, аэрация жакшырат. Жамгырлатып сугарууда абада суу тамчысы кычкылтекке каныгат, топурак­тагы микробиологиялык процесстер ылдамдап, күрдүү­лүгү артат. Жамгырлатып сугарууда айрыкча чай, жашылча өсүм­дүктөрүнүн сапаты жакшырып, түшүмү жого­рулайт. Сугат өлчөмүн каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул учурда ным жакшы сакталып, то­пурактын кубаты бузулбай, өсүмдүк текши өсүп, сугатчынын эмгеги жеңилдеп, сугат м-н жер се­мирткич да кошо чачууга мүмкүндүк болот. Ве­гетация мезгилиндеги жамгырлатып сугарууда суу жерге тегиз таралып, текши сиңет, суу коромжуга учу­рабайт. Мында сугат нормасы өсүмдүктүн түрүнө ж-а топурак-климат шартына, ошондой эле жамгыр­латма машинанын түрүнө жараша болот. Үз­гүлтүксүз сугарууда топурак нымды жакшы тар­тат. Сугаттын сапаты чачыраган суу тамчысы­нын өлчөмүнө (1,5–2 мм), топурактын курамы­на ж. б. жараша болот. Жерди текши сугаруу үчүн көбүнчө жакын аралыкка чачыратуучу жамгырлатма машина ж-а курулмалар пайда­ланылат.