ЖАМГЫРЧИЕВ Асаке

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМГЫРЧИЕВ Асаке (1912, Ысык-Көл облусу, Түп району, Санташ кыштагы – 1979, Нарын облусу, Нарын району, Улахол кыштагы) – малчы, Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1974). Улуу Ата Мекендик со­гуштун (1941–45) катышуучусу. 1932-жылдан Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы № 53-жыл­кы заводунда зоотехник, талаачылык боюнча бри­гадир, бөлүм башчы болуп эмгектенген. Тянь- Шань коюн чыгарууга катышкан.