ЖАМГЫРЧИЕВ 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМГЫРЧИЕВ Жума [1906, Ысык-Көл өрөөнү, Тоң болушу (азыркы Тоң р-ну, Көк-Сай айы­лы) – 1944] – акын. 1916-жылкы Үркүндө эл м-н бирге Кытайга барып, Ниязмаш деген уйгур байында эки жыл малай болуп жан баккан. 1918-ж. Ысык-Көлгө кайтып келген. 1919-ж. айыл ликбезинде, 1922–25-ж. Ташкенде САКУ-да окуган. 1929-ж. Кыргыз педтехникумун бү­түргөн. 1929–35-ж. Кыргыз АССРинин Эл агар­туу комиссариатында иштеген. Жалал-Абад педтехникумунун директору, 1935-жылдан Ош обл-ндагы сов.-парт. мектепте, Өзбекстандын Анжиян ш-ндагы кыргыз-уйгур мектебинде, 1939–41-ж. Оштогу эки жылдык мугалимдер ин­тунда, 1941–42-ж. Тоң р-нундагы орто мектепте мугалим болгон. Ж. техникумда окуп жүргөндө эле ыр жазган. 1931-ж. «Ырлар жыйнагы» ат­туу алгачкы китеби жарыкка чыккан. Анда акындын 1939-ж. чейин жазган ырлары топтол­гон. «Таңкы жарык» (1959), «Ырлар» (1975) ат­туу ыр жыйнактары акындын көзү өткөндөн кийин жарык көргөн. Ырларынын тематика­сы – чындык, аялдар азаттыгы, карапайым эл­дердин эркиндиги, жаштардын билимге умту­луусу. 1944-ж. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгон.