ЖАН
ЖАН (гр. psyhe; лат. anima ) – тирүүлүктүн реалдуулугунун белгиси катары колдонулуп келаткан түшүнүк; жалпысынан адамдын, жаныбарлардын психикалык жашоосуна ж-а ички дүйнөсүнө карата тарыхый жактан өзгөрүлүп туруучу көз караштарды туюндурган атама катары мүнөздөлөт; кайсы бир учурда «психика» термининин синоними катары да колдонулат. Жан түшүнүгү көп маанилүү ж-а мазмуну жагынан да ар түрдүү чечмеленет. 1. Д и н д е: денеге эч кандай көз каранды болбогон, материалдуу эмес өзгөчө бир түпбашат (субстанция); адамдын ж-а жаныбарлардын денесинде (кээде өсүмдүктөрдө) жашап, алар өлгөндө ошол денени таштап (кээде башка денеге өтүп алып), өз алдынча жашай берүүчү өзгөчө бир рухий нерсе.Теисттик диндерде адамдын жаны дегенде бул Кудай жараткан, өлбөс, кайталанбас рух башатын түшүнүшөт. 2. И д е а л и с т т и к ф ил о с о ф и я д а: өзүнчө бир бөлөкчө жашаган, материалдык эмес башталыш; бирдиктүү дүйнө башаттын өнүгүшүнүн эң жогорку формасы. 3. М а т е р и а л и с т т и к ф и л о с о ф и яд а: адамдын ички рухий дүйнөсү, жогорку уюшулган материянын касиети катары анын өздүк аң-сезими. 4. П с и х о л о г и я д а: Инсанга таандык ж-а ага мүнөздүү рухий касиеттердин жыйындысы. 5. К ы р г ы з д ү й н ө т а а н ы м ы н д а (Теңирчиликте) жан денебой м-н ойдун, сезим м-н туюмдардын «ээси» ж-а тейлөөчүсү, аң м-н кыялдын рухий угуту (Чоюн Өмүралиев). Исламдын кыргыздарга кириши м-н жан жөнүндөгү түшүнүк «Куранга» ылайык келтирилди (Азирейил жан алгыч). Аристотелде («Жан жөнүндө» трактат) жан – тирүү денеден бөлүнбөс активдүү, максаттуу башталма делет; Декарттын дуалисттик метафизикасы жан м-н денени эки бөлөк, өзүнчө турган түпөзөк катары бөлүп көрсөтөт.
Т. Абдылдабеков.