ЖАНАЙДАРТАК МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНАЙДАРТАК МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызыл-Суунун сол куймасы Кызыл-Агын суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 7,2 км, аян­ты 16,8 км2, көлөмү 0,600 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 6640 м, этеги 4300 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 5100 м, абляция­сынын аянты 5,6 км2. Жанайдартак мөңгүсү – Корженевский мөңгүсүнүн ири оң тармагы.