ЖАНАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАНАТ (Procyon) – жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн жанаттар тукумунун уруусу.

Дене узундугу 41– 76 смге чейин, куйругу 20–40 см; кулагы, көзү чоң, тумшугу ичке, жүнү калың, көгүш-күрөң, куйругунда карасур шакекчеси болот. Алардын 2 түрү (кадимки ж-а рак жегич жанат) белгилүү. К а д и м к и жанат Түндөк Америкада тараган. Жанат токойдо жыгач коңулунда, кээде аскада жашайт; түрдүү жаныбар ж-а өсүмдүктөрдү жейт, 9 жума көтөрүп, жазында 2–8 күчүк тууйт. Кыргызстандын жаңгак токойлорунда учурайт.