ЖАНГАЗИЕВ
ЖАНГАЗИЕВ Муса (23. 3. 1921, Чүй облусу, Сокулук району, Кара-Сакал айылы – 28. 2. 1997, Бишкек) – балдар жазуучусу, Кыргыз эл акыны (1981). Ата-энесинен эрте ажырап калып,

1929–35-жылдарда Фрунзе шаарындагы Крупская атындагы, 1935-жылдан Гүлчөдөгү балдар үйүндө тарбияланган. 1936–41-жылдарда балдар үйүндө, кийин Гүлчөдөгү Токтогул атындагы орто мектепте иштеген. 1943-жылы Ош облустук комсомол комитетинин пропаганда ж-а агитация боюнча секретарлыгына шайланган. 1946–48-жылдарда Кыргызстан КП БКнын алдындагы республикалык партиялык мектепте окуган. 1945-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинде бөлүм башчы, «Кыргызстан пионери» гезитинин (1950–52), «Жаш ленинчи» (1956–59), «Ала-Тоо» (1952–54) журналдарынын редактору, 1966-жылдан Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары болуп иштеген. 1954-жылы СССР жазуучулар союзунун алдындагы жогорку курста окуган. Адабий ишмердиги 1940- жылдары башталган. Учурунда ырлары, очерктери, фельетондору ж-а аңгемелери респликалык гезит-журналдарга үзгүлтүксүз басылып турган. 1951-жылы балдар үчүн жазылган «Балалык» деген биринчи ыр жыйнагы жарыкка чыккан. Кийин «Бакыт гүлдөрү» (1951), «Ак козу» (1956), «Дуровдун бурчу» (1958), «Зоопаркта» (1960), «Өскөн жер» (1957), «Сыймык» (1961), «Жыргалым» (1965), «Бермет» (1967), «Көз нурларым» (1973), «Сүйүнөм» (1975) ж. б. ыр жыйнактары жарык көргөн. Жангазиев – «Ажырагыс достор» (1953), «Назарбектин классташтары» (1957), «Жети жылдыктын жеткинчектери» (1961), «Дагы кол чабылды» (1963), «Тилектештер» (1966) аттуу повесттердин автору. Жазуучунун негизги темасы – достук, кыргыз жергеси, анын жаратылыш байлыктары, балдардын Ата журтка болгон сүйүүсү, эмгекке тарбиялоо. Жангазиев «Бала менин өмүрүм» аттуу тандалган жыйнагы үчүн Кыргызстанн Ленин комсомолу сыйлыгын алган (1972). Жангазиевдин сценарийи боюнча бир нече фильм ж-а телефильм тартылган. Жангазиевдин айрым китептери орус, украин, өзбек, эстон, азербайжан, түркмөн, казак, татар, якут ж. б. тилдерге которулган. Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
гарчылар муундан муунга өткөрүп, биздин күнгө жеткирген. Эпосту биринчи изилдеген ж-а орус тилине которгон (1854) А. А. Бобровников болгон. 1940-ж. эпостун 500 жылдыгы белгиленген. «Ж.» моңгол элинде да айтылат.