ЖАНКОРОЗОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНКОРОЗОВА Алиман (1916, Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Сары-Тологой кыш. – 30. 12. 1993, Бишкек) – драма ж-а кино артисти, Кыргыз ССР эл арт. (1967). 1931-жылдан кыргыз радиосунда диктор, 1933-ж. Кыргыз мамл. муз. драма теат­рында актриса. 1934-ж.

Өзгөн колхоз-совхоз театрын уюштургандардын бири. 1937-жылдан Караколдогу Ысык-Көл обл. драма театрында, 1962-жылдан На­рын обл. муз. дра­м а т е ат р ында, 1 9 7 3 - ж ы л д а н К ыр гыз м ам л . акад. драма теат­рында ишт еге н. Ж. – театрда ж-а кинодо бүткүл ин­сандык, сүрөткер­дик куб аты м-н башкы каарман­дардын образын т ү зү п, ал ар дын и чк и с ыр ын, к у л к - м ү н ө з ү н жөнөкөй, жетки­ликтүү даражада бере билген, тур-

А. Жанкорозова «Ак илбирстин тукуму» фильминде Сайкал эненин ролунда. Реж. Т. Океев. 1985.

паты улуттук колоритке каныккан актёр. Театр­дагы негизги ролдору: Күлүйпа (К. Маликов, «Күлүйпа»), Бурма (Ж. Бөкөнбаев, «Токтогул»), Зулайка (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Ай­ганыш (К. Жантөшев, «Курманбек»), Жаңыл (К. Маликов, А. Куттубаев, «Жаңыл»), Агафья Тихоновна (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»), Жамийла (Ч. Айтматов, «Жамийла»), Тангабике (М. Ка­рим, «Ай тутулган түндө»), Сур эчки (М. Бай­жиев, «Байыркы жомок») ж. б. Кинофильмдерде Эненин (реж. А. Алымбаев, «Тянь-Шань кы­зы»), Урумдун (Т. Океев, «Бакайдын жайыты»), Айымжандын (Б. Шамшиев, «Каргыш»), Эне­нин, Сайкал эненин (Т. Океев, «Көк серек», «Ак илбирстин тукуму») ж. б. образдарды жарат­кан. Ж. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.