ЖАННА Д'АРК
ЖА́ННА Д'АРК (6. 1. 1412, Лотарингия, Домреми кыштагы – 30. 5. 1431, Руан) – Франциянын улуттук баатыры.

Жүз жылдык согуш (1337– 1453) мезгилинде англистерге каршы француз элинин боштондук күрөшүн башкарган. Англистер басып алган Орлеан шаарын 1429-ж. 8-майда бошоткон (О р л е а н к ы з ы деген ат ушундан калган). Бир катар аймакты ээлеген соң, ал аскерлерди Реймсти көздөй баштап, 1429-жылы 17-июлда мураскер Карлды (Карл VII) такка отургузат. Элдик согуштун күчөшү м-н Жанна д'Арктын кеңири белгилүү боло башташынан чочулаган король ж-а ак сөөктөр аны согушка башчылык кылуудан четтетишет. 1430-жылы 23- майда Компьен шаарынын жанындагы салгылашта англистерге танапташ – бургундуктар туткунга түшүрүп, англистерге сатып жиберген. Руанда чиркөө соту Жанна д'Аркты «кудай безер», «көз боёмочу» деп айыптап, өрттөп өлтүрткөн. 1456-жылы Францияда болгон жаңы cот Жанна д'Аркты актаган. 1920-жылы католик чиркөөсү аны эң кадырлуу ыйыктардын катарына кошкон.
Ад.: Левандовский А. П. Жанна д'Арк. 2-е изд.
М., 1982.