ЖАНР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНР (фр. genre – тек, түр, уруу) – адабий өсүш­түн тарыхый узак жолунда жаралган ар кыл чыгармалардын окшош белгилеринин негизин­де обочолонгон атайын топтору, типтери. «Жанр» термин катары көп убактан бери (16-кылымдан) кол­донулганына карабастан, алигиче так илимий анык­тама ала элек. Айрым ад-абиятчылар жанр деп адабияттын тектерин (лирика, эпос, драма) көрсөтүшсө, кээ бири жанрды адабий тектерге эмес, алардын ар биринин жеке-жеке түрлөрүнө (элегия, поэма, аңгеме, роман, комедия ж. б.) колдонууну ыла­йык табышат. Кийинкиси көбүрөөк колдоого алынууда. Демек жанр – адабий тектердин ички тармактарынын, түрлөрүнүн жалпы аты. Ада­бий тектер тигил же бул ички айкын бөлүктөргө ажыроочу жанрдык формалар аркылуу ишке ашат. жанр бул жагынан адабий тектерди жик­төөнүн башкы бирдиги катары кызмат аткарат. жанр көркөм чыгармалардын композициялык-сю­жеттик түзүлүшү, образ жасоо ыктары, тил курулушу, ыргак-кырааттын уюшулушу өңдүү мазмун м-н форманын көп сандаган элементте­ринде туруктуу кезигип ж-а кайталанып туруу­чу белгилердин бирдигин туюндурат. Адабиятта ли­рикалык тектин жанрдык формалары: арноо, коштошуу, кордоо ырлары, элегия, эпитафия, сонет; эпикалык тектик – миф, жомок, аңгеме, повесть, роман; драмалык тектик – интерме­дия, водевиль, комедия, трагедия ж. б. Көлөмү ж-а курулушу жагынан лирикалык жанр (чакан), эпикалык жанр (кеңири) деп бөлүнөт. Көпчүлүк жанрлар ич ара төмөнкүдөй майда түрлөргө жик­телет: лирикалык ырлар композициялык ти­бине карай – сонет, казал, бейт, рубайи, ал эми тематикалык багытына карай саясий, граждандык, сырдаштык, философиялык, пейзаждык ж. б., романдар тематикасына карай тарыхый, тур­муштук, окуялуу, илимий-фантастикалык, образда­рынын мүнөзүнө карай сатиралык, аллегория­лык, публицистикалык ж. б-га ажырап кетет. Адабий про­цессте жанр тынымсыз өсүп-өнүгүп турат. Ар бир тарыхый доор жанрдык формалардын салттуу бел­гилерин сактоо м-н алардын ички турпатына, табиятына мүнөздүү өзгөчөлүк кийирет. Бир жагынан бул ар бир адабияттын улуттук бөтөнчө­лүгүнө негизделсе, экинчи жагынан жазуучунун коомдук позициясына, адабий процесстеги ой­ногон ролуна байланыштуу болот. К ө р к ө м с ү р ө т – белгилүү бир теманын айланасында көркөм өнөр тармагын мүнөздөөчү түшүнүк. Көркөм сүрөт өнөрүн жанрларга бөлүү анын тур­муш чындыгын терең үйрөнүүсүнө шарт түзгөн ж-а чагылдыруу каражаттарын иштеп чыгып өнүктүргөн. жанр сүрөттүн предметин (портрет, на­тюрморт, пейзаж, тарыхый же согуш темасы), кээде сүрөттүн мүнөзүн (карикатура, шарж) ча­гылдырат. М у з ы к а д а – аткаруу ыкмасына жараша (вокалдык-жеке, ансамблдик, хордук; вокалдык-аспаптык, аспаптык-жеке, оркестр­лик), турмуш-тиричилик жанр (марш, бий, бешик ыры ж. б.), мазмуну боюнча (лирикалык, эпика­лык ж-а драмалык), аткаруу орду ж-а шарты боюнча (театрдык, концерттик, камералык, кино­музыка ж. б.) бөлүнөт. Т е а т р д а негизинен драматургия жанры – трагедия, драма, комедия; өз кезегинде алар водевиль, комедия-памфлет, лирикалык комедия ж. б. бөлүнөт. Балетте эпикалык, лирикалык, балет-поэма, балет-ро­ман, балет-жомок ж. б. жанрлар бар. 20-кылымдан жанрда өз ара аракеттенүү ж-а түрүн өзгөртүү про­цесси ыкчам жүрүүдө.


Ад.: Щепилов Л. Введение в литературоведение. М., 1968. Поспелов Г. Н. Проблемы исторического развития литературы. М., 1972; Фрейденберг О. М. Поэтика сюжета и жанра. М., 1997; Назайкинский Е. В. Стиль и жанр в музыке. М., 2003.

А. Садыков.