ЖАНСЫЗ ДЕҢИЗ
ЖАНСЫЗ ДЕҢИЗ (ар. Б а х р - Л у т) – Жакынкы Чыгыштагы эң туздуу туюк көл. Иордания м-н Израилдин аймагында, Гхор (Эль-Гор) тектоникалык ойдуңунда деңиз деңгээлинен 418 м төмөн жайгашкан (жээк аймагы – Жер шарындагы кургактыктын эң жапыз жери). Аянты 1050 км2,


узундугу 76 км, тереңдиги 356 м (башка маалымат боюнчача 335 м). Жээктери чөлдүү, айрым жерлери аскалуу. Көлгө Иордан дарыясы куят. Жансыз деңиз дүйнөдөгү эң туздуу көлдөрдүн бири (туздуулугу 260–270, айрым жылдары 310‰ге чейин жетет). Аталышы сууда организмдин (бактериялардын айрым түрлөрүнөн башкасы) жоктугунан келип чыккан деп далилденет. Батыш жээгиндеги үңкүрлөрдөн 1947-жылы байыркы еврей, араб, грек, латын ж. б. тилдердеги кол жазмалардын (көбүнчө б. з. ч. 2-кылым – б. з. 2-кылымына таандык) үзүндүлөрү табылган. Жансыз деңиздин батыш жээгинде, Иордан дарыясынын чатында библия мифологиясындагы белгилүү Содом ж-а Гоморра шаарлары жайгашкандыгы божомолдонот. Түштүк жээгинен калий ж. б. туздар казып алынат.