ЖАНУЗАКОВ
ЖАНУЗАКОВ Төрөкул [1893, Олуя-Ата уезди (азыркы Талас обл.), Талды-Булак айылы – 1921, Түркстан АССРи, Фергана обл.] – мамл. ж-а коомдук ишмер; кыргыздардан чыккан ал-

гачкы чекист. 1920-ж. Түркстан АССР төрагасынын орун басары болгон. Меркедеги орус-тузем мектебин аяктап, 1909-жылдан Түркстан генерал-губернаторуна жеке жардамчы ж-а котормочу болуп иштеген. Ж. кыргыздардын ичинен биринчи болуп Россиянын мамл. думасына депутаттыкка талапкер болгон. Совет бийлиги орногондо, эркиндикти, элдик бийликти колдоп, Түркстан Аткомунун 1916-жылкы көтөрүлүштөгү качкындардын иши б-ча комиссиясына төрагалык кылган. 1920-ж. сентябрь айында Түркстан элинин делегациясын жетектеп, Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин 1- конгрессинде доклад окуп, С. Орджоникидзе, С. Киров м-н чогуу Г. Зиновьев башында турган
Чыгыш иштери б-ча үгүт кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. Саясий көз карашы б-ча Т. Рыскуловду колдоп, аны м-н бирдикте Россиянын курамында өзүнчө Түркстан Респ-сын түзүүнү сунуш кылган. 1921-ж. сентябрда Самаркандда өткөн Түркстан улуттук биримдигинин 6-конгрессине катышкан. Ушул конгресстен кийин Ж. совет бийлигинин диктатурасына ачык нааразы болуп, Түркстан элдерин өз алдынча көз каранды эмес мамлекетке айландыруу үчүн жаңы бийликтен кол үзүп, совет бийлигине каршы отряддарды уюштурган. 1921-ж. Ж. Анжиян уездинде Исраил корбашынын тобунда жүрүп, декабрь айында кызыл аскерлер м-н болгон уруштардын биринде курман болгон. К.Алымкулов.