ЖАНУЗАКОВ Болот

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНУЗАКОВ Болот Чыныбаевич (20. 10. 1948-жылы туулган, Кемин району, Чым-Коргон айылы) – гене­рал-лейтенант (2001). ФПИ-

ни (1970), КМУну (1991) бүтүргөн. 1970–83-жылдарда Сү­лүктү шаардык эт комбина­тында башкы инженер, ком­сомолдун Сүлүктү шааркому­нун секретары, 1-секретары, комсомолдун Ош обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчы­сы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчы­сы, партиянын Фрунзе шааркомунун инструк­тору, 1983–87-жылдарда Фрунзе шаардык ички иштер баш­кармалыгында саясий бөлүмдүн жетекчиси, 1987–88-жылдарда партиянын Нарын обкомунун бөлүм башчысы, 1988–96-жылдарда Фрунзе шаардык ж-а Чүй облустук ички иштер башкармалыгында бөлүм баш­чы, орун басар, 1996–98-жылдарда КРдин Премьер-ми­нистринин аппаратынын укук коргоо органда­ры ж-а коргоо бөлүмүнүн башчысы, 1998–2001-жылдарда КРдин Президентинин администрациясынын коргоо ж-а коопсуздук иштери боюнча бөлүм баш­чысы, КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2001–02-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук кызма­тынын төрагасы, 2002–03-жылдарда Коопсуздук кеңе­шинин улук инспектору, КРдин Президенти­нин кеңешчиси, Президенттин администрация­сынын бөлүм башчысы, 2003–05-жылдарда КРдин Пре­зидентинин администрациясынын жетекчиси­нин орун басары, биринчи орун басары – уюш­туруу иштер ж-а мамлекеттик башкаруу саясаты бө­лүмүнүн башчысы, Улуттук кеңештин төрага­сынын орун басары болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.