ЖАНУЗАКОВ Төрөкул

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНУЗАКОВ Төрөкул [1893, Олуя-Ата уезди (азыркы Талас облусу), Талды-Булак айылы – 1921, Түркстан АССРи, Фергана облусу] – мамлекеттик ж-а коомдук ишмер; кыргыздардан чыккан ал-

гачкы чекист. 1920-жылы Түрк­стан АССР төрагасынын орун басары болгон. Мерке­деги орус-тузем мектебин аяктап, 1909-жылдан Түрк­стан генерал-губернаторуна жеке жардамчы ж-а котор­мочу болуп иштеген. Жанузаков кыргыздардын ичинен би­ринчи болуп Россиянын мамлекеттик думасына депутат­тыкка талапкер болгон. Со­вет бийлиги орногондо, эркиндикти, элдик бий­ликти колдоп, Түркстан Аткомунун 1916-жыл­кы көтөрүлүштөгү качкындардын иши боюнча ко­миссиясына төрагалык кылган. 1920-жылы сен­тябрь айында Түркстан элинин делегациясын жетектеп, Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин 1- конгрессинде доклад окуп, С. Орджоникидзе, С. Киров м-н чогуу Г. Зиновьев башында турган Чыгыш иштери б-ча үгүт кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. Саясий көз карашы боюнча Т. Рыску­ловду колдоп, аны м-н бирдикте Россиянын ку­рамында өзүнчө Түркстан Республикасын түзүүнү су­нуш кылган. 1921-жылы сентябрда Самаркандда өт­көн Түркстан улуттук биримдигинин 6-конгрес­сине катышкан. Ушул конгресстен кийин Жанузаков совет бийлигинин диктатурасына ачык нааразы болуп, Түркстан элдерин өз алдынча көз каран­ды эмес мамлекетке айландыруу үчүн жаңы бий­ликтен кол үзүп, совет бийлигине каршы от­ряддарды уюштурган. 1921-жылы Жанузаков Анжиян уез­динде Исраил корбашынын тобунда жүрүп, де­кабрь айында кызыл аскерлер м-н болгон уруш­тардын биринде курман болгон.

К.Алымкулов.