ЖАНУЗАКОВ 1
ЖАНУЗАКОВ Болот Чыныбаевич (20. 10. 1948- ж. т., Кемин р-ну, Чым-Коргон айылы) – генерал-лейтенант (2001). ФПИ-

ни (1970), КМУну (1991)
бүтүргөн. 1970–83-ж. Сүлүктү ш-дык эт комбинатында башкы инженер, комсомолдун Сүлүктү шааркомунун секретары, 1-секретары, комсомолдун Ош обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Кырг-н ЛКЖС БКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, партиянын Фрунзе шааркомунун инструктору, 1983–87-ж. Фрунзе ш-дык ички иштер башкармалыгында саясий бөлүмдүн жетекчиси, 1987–88-ж. партиянын Нарын обкомунун бөлүм башчысы, 1988–96-ж. Фрунзе ш-дык ж-а Чүй обл. ички иштер башкармалыгында бөлүм башчы, орун басар, 1996–98-ж. КРдин Премьер-министринин аппаратынын укук коргоо органдары ж-а коргоо бөлүмүнүн башчысы, 1998–2001-ж. КРдин Президентинин Администрациясынын коргоо ж-а коопсуздук иштери б-ча бөлүм башчысы, КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2001–02-ж. КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы, 2002–03-ж. Коопсуздук кеңешинин улук инспектору, КРдин Президентинин кеңешчиси, Президенттин администрациясынын бөлүм башчысы, 2003–05-ж. КРдин Президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары, биринчи орун басары – уюштуруу иштер ж-а мамл. башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.