ЖАНЧЫКТЫ КОРУКЧАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЧЫКТЫ КОРУКЧАСЫ – Баткен облусунун Лейлек районундагы ботаникалык корукча (заказник). Исфана шаарынан батыш тарапта. Ак-Суунун ала­бында, Төө-Жайлоодо. Аянты 80 га. Кыргызстан боюнча ушул аймакта гана өскөн жоогазынды (Түндүк Памир-Алайдын эндемиги) коргоо максатында 1975-жылы уюшулган.