ЖАНЫБАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫБАРЛАР , а й б а н а т т а р (Animalia) – тирүү организмдер дүйнөсүнүн (царствосунун) эң чоң бөлүмү; орг. дүйнөдөгү негизги эки топтун бири (экинчиси – өсүмдүктөр). Кургакта жаша­ган Ж-дын теги – деңизде ж-а тузсуз сууда жа­шаган Ж., кээ бири кайра сууда жашоого өткөн. Бардык Ж. козу карындар сыяктуу – гетерот­рофтуу организмдер, б. а. даяр орг. заттар м-н азыктанат. О. эле Ж-дын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – активдүү метаболизмдин болушу.
Орг. дүйнөнүн өнүгүүсү м-н Ж-дын түзүлүшү ж-а функциясы бара-бара татаалданып, кыймыл­доо, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, жыныс, дем алуу, кан айлануу, сезүү органдары пайда бол­гон. Ж-дын өзгөчө татаал жүрүм-турумдары да калыптанган, мис., курт-кумурскалар, куштар ж-а сүт эмүүчүлөрдүн жупташуу алдындагы сай­роо, бийлөө ж. б. оюндары. Ж. түзүлүшү б-ча негизи 2 топко бөлүнөт: жөнөкөйлөр же бир клет­калуулар ж-а көп клеткалуулар. Ж-дын азыр жашаган 16 тиби, 1,5 млнго жакын түрү бел­гилүү. Алардын көпчүлүгү деңизде жашайт. Кырг-нда омурткалуу Ж-дын эле 500дөн ашык түрү, курт-кумурска м-н кенелердин 3171, ба­лыктардын 49, амфибиялардын 3, сойлоочул­дардын 25, куштардын 335, сүт эмүүчүлөрдүн 83кө жакын түрү кезигет. Татаал түзүлүштүү Ж-да булчуң ж-а бириктиргич ткандар жакшы өөрчүгөн. Алар алгачкы ооздуулар (муунак курт­тар, моллюскалар, муунак буттуулар) ж-а экин­чи ооздуулар (ийне терилүүлөр, хордалуулар), о. эле омурткалуулар ж-а омурткасыздар болуп бөлүнөт. Көпчүлүк Ж. өтө чоң чарбалык маа­ниге ээ. Алардын ичинде а.ч-лык, промыселдик, лабор. максат үчүн өстүрүлгөндөрү бар; көбү – тамак-аш, ө. ж. сырьёлорунун булагы. Ж-дын систематикалык ири тобу мителик м-н тиричи­лик өткөрөт. Айрым Ж. адамдын, жаныбарлар­дын ж-а өсүмдүктөрдүн транмиссиялык оорула­рынын козгогучтарын жугузат; көпчүлүк курт­кумурскалар, кенелер токойлорго, а. ч. өсүмдүк­төрүнө зыян келтирет. Адамдын жаратылыш­ка (айрыкча жаныбарларга) тийгизген таасири­нин тынымсыз өсүшү бир түрдүн азайышына, экинчи түрдүн таптакыр жок болушуна алып келүүдө. Ошого байланыштуу сейрек ж-а жого­луп бара жаткан Ж-дын түрлөрү ТКЭСтин, о. эле Кырг-ндын Кызыл китебинин тизмеси­не киргизилип, коргоого алынган. Ж. ж-дөгү илим – зоология.


Ад.: Жизнь животных. В 6 т. М., 1983–1989.