ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮН КОРГОО
ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮН КОРГОО – сейрек ж-а тукум курут болуу абалында турган жаныбарларды коргоо ж-а санын калыбына келтирүү боюнча иш чаралар жыйындысы. Байыртан эле адамзат аңчылык м-н тиричилик өткөзүп келген. Аңчылыктан айрым жаныбар түрү (мамонт, тур, стеллер ую ж. б.) азайып кеткен. Акыркы жылдары көп түрлөрдүн жоголушуна браконьердик себеп болууда. Аларды коргоо үчүн ал түрлөр мекендеген аймактын өзгөчөлүгүн, мүнөзүн, ошол түрлөрдүн таралуу аймагын эске алуу зарыл. Азайып ж-а жоголуп бараткан түрлөрдүн дүйнөлүк, аймактык санын тактоо ж-а Кызыл китеп түзүү негизги иш-чарага кирет. Түрдүү деңгээлде корголуучу жаратылыш аймактарын, коруктарын түзүү – биотүрдүүлүктү сактоонун негизги жолу. Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда көптөгөн коруктар (Сары-Челек, Беш- Арал, Нарын ж. б.), биосфералык резерваттар (Ысык-Көл ж. б.), корукчалар (Токмок ж. б.), улуттук парктар (Йеллоустон, Йосемити; Ала- Арча, Каракол, Чоң Кемин) түзүлгөн. Кыргызстанда өзгөчө мензбир сууру, илбирс, кызыл карышкыр ж. б. жаныбарлар коргоого алынган.