ЖАНЫБАРЛАР СТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫБАРЛАР СТИЛИ – тератологиялык стиль; ал­гачкы коомдук түзүлүштүн көркөм искусствосунан келип чыккан, айрыкча көчмөн элдерде (мисалы, алтай скифтеринде) кеңири тараган орнамент­тердин бир түрүнүн аталышы. Орто кылымдын кол жазмаларында ж-а жасалга-колдонмо көркөм өнөрүндө да колдонулган. Чыгыш элдериндеги­дей эле Европа элдеринде да кеңири тараган. Бул түрдөгү оюм-чийимдерге стилдештирип сүрөттөл­гөн жомоктогу айбанаттардын ж-а куштардын, өсүмдүктөрдүн таң каларлыктай мотивдери мүнөздүү. Жаратылыш стилинин кайталангыс өзгөчө вариан-

Алтын арстан. Б. з. ч. 5–3-кылымдар
Жыгачтан жасалган чөмүчтөр. Загорск тарых-көркөм сүрөт музейи.
Шарап үчүн идиш «марани». 1960. Чыгыш элдеринин көркөм сүрөт музейи. Москва.

ты байыркы орус көркөм өнөрүндө, алгач – сла­вян элдеринин көркөм өнөрүндө, орус китеп ми­ниатюрасында (9–14-кылымдар) кездешет (мисалы, Остро­миров инжили, 9–14-кылымдар; Новгород ж-а Смоленск кол жазмалары, 14-кылым).