ЖАНЫБЕКОВ Чабалдай
ЖАНЫБЕКОВ Чабалдай (6. 7. 1930-жылы туулган, Ысык- Көл району, Чырпыкты кыштагы) – техника илимдеринин доктору (1992), профессор (2001), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1995). КМПИни бүтүргөн (1951). 1951–53-жылдарда Нарын мугалимдер институтунда улук окутуучу, 1953–67-жылдарда Кыргыз мамлекеттик аялдар пединститутунун улук окутуучусу, доценти, деканы, кафедра башчысы, 1967-жылдан Кыргыз ССР ИАда улук илимий кызматкер, 1975–2008-жылдарда КР УИАда лаборатория башчысы. 2008-жылдан ошол эле жерде башкы илимий кызматкер. Колдонмо математика ж-а механика боюнча адис. 220дан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 8 монографиянын, 7 окуу китебинин ж-а терминологиялык сөздүктөрдүн автору. Билим берүүнүн отличниги. Даңк медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Математическое моделирование движения грунтовых вод в многослойных средах. Ф., 1982; Моделирование гидрогеодинамических процессов с применением ЭВМ. Ф., 1989. Математическое моделирование перенос влаги и солей. Б., 2008.