ЖАНЫБЕКОВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНЫБЕКОВ Алтынбек (15. 6. 1934-ж. т.‚ Чүй обл.‚ Аламүдүн р-ну‚ Ала-Арча айылы) – комп.‚ Кыргыз ССРинин иск-восуна эмг. сиң. ишмер (1979)‚ КРдин эл арт. (1995). М. Күрөңкөев атн.

муз.-хореогр. окуу жайын (1957)‚ Курмангазы атн. Ал­маты мамл. консерватория­сынын теор.-композитор­дук ф-тин (1962) бүткөн. 1957-жылдан Кырг-н ком­позиторлор союзунун мүчө­сү. 1962–65-ж. Кыргыз CCР мамл. радио уктуруу ж-а те­лекөрсөтүү к-тинде редак­тор‚ бир эле мезгилде Фрун­зедеги М. Күрөңкөев атн.

муз.-хореогр. окуу жайында окутуучу‚ 1967- жылдан Б. Бейшеналиева атн. КМИИде доцент‚ проф.‚ 1993-жылдан Кыргыз улуттук консер­ваториясынын проф. Ж. ар кандай жанрдагы 250дөй чыгармаларды‚ а. и. кыргыз музыкасы­нын тарыхында биринчилерден болуп фортепья­но ж-а оркестр үчүн концерт жазган. Чыгарма­ларында элдик муз. ыргактарды чебер пайда­ланат. Көлөмдүү симф. чыгармалардын («Т. Cа­тылгановдун эстелигине»‚ «Ата журт»)‚ симф. поэмалардын («Д. Шопоковдун эстелигине»‚«Ме­нин Кыргызстаным»)‚ симф. сүрөттөмөнүн («Ак алтындуу айылда»)‚ симф. бийлердин‚ симф.


увертюралардын‚ кантаталардын («Даңктан‚ Кыргызстан!»‚ «Кыргыз элине даңк!»)‚ соната­лардын‚ ырлардын‚ романстардын («Жаштар маршы»‚ «Түндө»‚ «Аккуу»‚ «Издейм сени» ж. б.)‚ камералык-аспаптык чыгармалардын‚ хорлордун автору‚ спектаклдерге («Караш-Ка­раш»‚ «Балдар бойго жеткенде») музыка жаз­ган. Медалдар м-н сыйланган.