ЖАНЫМА ТЕГИЗДИК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАНЫМА ТЕГИЗДИК – S бетиндеги берилген M чекити аркылуу өтүүчү тегиздик. Тегиздиктен алынган M1 чекити M чекитине умтулганда, бул тегиздиктен M1 чекитине чейинки аралык MM1 аралыгына салыштырмалуу чексиз кичине чоңдук болот. Эгер S бети z=f(x, y) теңдемеси м-н берилсе ж-а f(x, y) функциясы (x0, y0) чекитинде толук дифференциалга ээ болсо, жаныма тегиздиктин M (x0, y0, z0) чекитиндеги теңдемеси төмөнкүчө жазылат: z–z0= A(x–x0)+B (y–y0). Мында z0=f (x0, y0), A ж-а В – тиешелүү түрдө м-н ∂x ∂ y жекече туундуларынын (x0, y0) чекитиндеги маанилерине барабар.