ЖАНЫТМА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАНЫТМА – чакан проза жанры; болуп өткөн (же келечекте боло турган) ишти, кылык-жорукту, факты же окуяны атайын көркөмдөп, образдуу түрдө жандатып, кыйытып айтчу сөз өнөрүнүн салттуу формасы. 1920–30-жылдарда Ж-да жөнөкөй гезиттик кабар м-н көркөм чыгарманын белгилери аралаш берилген (Ж. аңгеме, Ж. ыр, Ж. фельетон, Ж. тамсил, Ж. жомок). Ад-ттын жалпы идеялык көркөм деңгээлинин көтөрүлүшү м-н Ж. өз алдынча жанрдык белгилерге ээ болду.