ЖАПАЙЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАЙЫ МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу ири мөңгү, Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн бир тармагы. Боз-Кыр кырка тоосунун түндүк капталынан орун алган. Узундугу 10,4 км, аянты 32,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 6700 м, этеги 4060 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м. Мөңгү не­гизинен фирн облусунда жатат. Абляция облу­су Эңилчек мөңгүлөрүнүн негизги өрөөнүнө ко­шулгандан кийин башталат.