ЖАПАРОВ Абдыкул

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАРОВ Абдыкул (20. 9. 1920, Чүй облусу, Мос­ква району, Жарды-Суу айылы – 2. 3. 1999, Биш­кек) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1967). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1987). Фрунзе шаарындагы жумушчу факультетин бүтүргөн (1937). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1940– 44). Москва районундагы Будённый орто мектебин­де директор, ошол эле райондун Орто-Суу орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы (1944– 47). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн соң (1947), Кыргыз ССР агартуу министрлигинде ин­спектор (1947–49), КМУда окутуучу, профессор (1951– 99). Илимий эмгектеринде сөз айкашынын синтак­сиси, сүйлөм мүчөлөрүнүн теориясы, жөнөкөй ж-а татаал сүйлөмдүн синтаксиси боюнча маселе­лери иликтөөгө алынган. Ал 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени м-н сыйланган.

Эмг.: Кыргыз тилинин грамматикасы. 2-бөлүк. Синтаксис: 6–7-класстар үчүн. Ф., 1950, 1959; Азыркы кыргыз тили. Ф., 1966; Кыргыз тилинин синтаксиси. Ф., 1979.