ЖАПАРОВ Акылбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАРОВ Акылбек Үсөнбекович (14. 9. 1964- жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары) – мамлекеттик ишмер, экономика илимдеринин доктору (2009), II класстагы мамлекеттик кеңешчи, КРдин эмгек сиңирген

экономисти (2000). ФПИни (1986), Бишкек финансы­-экономика академиясын (2002) бүтүргөн. 1986–92-жылдарда ФПИде кенже илимий кызмат­кер, комсомол комитетинин сек­ретары, 1992–93-жылдарда КР Пре­зиденти ж-а КР Өкмөт ап­параттарында жаштар сая­саты боюнча бөлүм башчы, 1993–95-жылдарда Кыргызстан социал-­демократиялык партиясында жооп­туу катчы, 1995–96-жылдарда КРдин 1-вице премьер­-министринин жардамчысы, 1996–97-жылдарда КР Пре­зидентине караштуу баалуу кагаздар рыногу б­оюнча улуттук комиссиянын мүчөсү, 1997–2000-жылдарда КР финансы министрлигине караштуу мамлекеттик башкы салык инспекциясынын инспектору, Мамлекеттик салык башкармалыгынын начальниги, 2005–07-жылдарда экономика ж-а финансы (кийин фи­нансы) министри, 2007–09-жылдарда экономикалык өнүгүү ж-а соода министри, 2009-жылдын октябрынан 2010- жылдын апрелине чейин КРдин 1-вице премьер­-министри болуп иштеген. КРдин Жогорку Ке­ңешинин депутаты (2000–05). Рынок экономи­касы шартында Кыргызстандын экономикалык өнүгүү пробле­малары ж-а экономиканы модерндештирүүгө арналган 50дөн ашуун илимий эмгектин автору.

Эмг.: Модернизация экономики Кыргызской Рес­публики (монетарно-фискальной политики). Б., 2008.