ЖАПАРОВ Аскарбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАРОВ Аскарбек Маматович [8. 12. 1966-жылы туулган, Ош (азыркы Баткен) облусу, Кадамжай району, Кароол айылы] – генерал-майор (2009). 1987-жылы Орджоникидзе атындагы жогорку жалпы аскердик

командалык окуу жайын бүткөн. 1987–92-жылдарда мото ат­кычтар полкунда взвод ко­мандири, 1989-жылдан рота командири, 1992–94-жылдарда ас­кер бөлүгүндө ротанын, өзүн­чө эскадрондун, батальон­дун командири, 1997– 2002-жылдарда аскер бөлүктөрүндө командир, 2002–04-жылдарда КР Куралдуу Күчтөрүнүн баш­кы штабынын аскерге даяр­доо башкармалыгынын начальниги, 2004-жыл­дан башкы күжүрмөн башкармалыгында начальниктин орун басары, 2006–08-жылдарда КР кор­гоо министринин орун басары, 2008–09-жылдарда КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги – КРдин коргоо министринин 1-орун басары болуп иштеген.