ЖАПАРОВ Бакас
ЖАПАРОВ Бакас (11. 5. 1923, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чырак айылы – 26.10. 2004, ошол эле жер) – педагог, тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты (1966), доцент (1969), К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору (1993), Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги (1965), СССРдин жогорку мектебинин отличниги (1980). Каракол мугалимдер институтун (1948), Бишкек педедагогикалык институтун бүтүргөн (1951). Улуу Ата Мекендик согушка катышып (1942–46) келгенден кийин мугалим, мектеп директору (1948–55), 1961-жылга чейин билим берүү тармагында ж-а партиялык жооптуу кызматтарда эмгектенген. Каракол педагогикалык институтунун илим ж-а окуу иштери боюнча проректору (1961–64), Караколдогу Т. Сатылганов атындагы мектеп-интернаттын директору (1964– 68), Каракол педагогикалык институтунда окутуучу, кафедра башчысы (1968–80), көркөм графика факультетинин деканы (1980–86). КПССтин ж-а Кыргызстан Компартиясынын тарыхы боюнча илимий эмгектердин автору. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.