ЖАПАРОВ Шералы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАРОВ Шералы (23. 9. 1936-жылы туулган, Баткен облусу, Лейлек району, Шор-Булак айылы) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1990), профессор (1991). Кыргыз тилинин диалектологиясы, лексиколо­гиясы, лексикографиясы, ономастикасы ж-а био­библиографиясы боюнча адис. КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1965), Сүлүктү шаарынын, Лейлек районунун мектептеринде мугалим (1966), КМУда окутуучу, доцент (1970–77), Кыргыз Совет эн­циклопедиясынын башкы редакциясында улук редактор, редакция башчысы (1977–79), КР УИАда илимий кызматкер (1979–89), И. Арабаев атындагы КМПУда кафедра башчысы, профессор (1989–2002), Нарын мамлекеттик университетинде кафедра башчысы (2002–05) болуп иштеген. Жапаров кыргыз тилинин түштүк-батыш диалектиси боюнча жыйнаган материалда­рынын негизинде бир нече окуу куралын жаз­ган. Антропонимдерди изилдөөнүн натыйжа­сында «Кыргыз адам аттарынын сөздүгү» (1979), «Кыргыз тилинин диалектологиясы» (1976, 1982, 2001), «Кыргыз адам аттары» (1989), «Кыр­гыз тилинин омонимдер сөздүгү» (1986), «Сенин ысмың ким?» (1990), «Кыргыз тилинин фонети­касы» (2001) сыяктуу эмгектерин жараткан. Кыргыз тилинин синонимдер, омонимдер, анто­нимдер ж-а фразеологизмдер сөздүктөрүн түзүүгө катышкан. Библиограф катары кыргыз лингвисттеринин чыгармачылыгын изилдеп, «Кыргыз тилчиле­ри» аттуу эмгегин жазган (2004). Эмгектери ГДРде, Кытайда, Түркияда ж. б. өлкөлөрдө жа­рык көргөн.

Эмг.: Азыркы кыргыз тилиндеги синонимдер. Ф., 1971; Кыргызская ономастика. Ф., 1990; Кыргызская антропонимика. Ф., 1992; Адам аттары – эл байлыгы. Б., 2001.

М. Молдалиева.