ЖАПАРОВ 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПАРОВ Аскарбек Маматович [8. 12. 1966-ж. т., Ош (азыркы Баткен) обл., Кадамжай р-ну, Кароол айылы] – генерал-майор (2009). 1987-ж. Орджоникидзе атн. жогорку жалпы аскердик

командалык окуу жайын бүткөн. 1987–92-ж. Мото ат­кычтар полкунда взвод ко­мандири, 1989-жылдан рота командири, 1992–94-ж. ас­кер бөлүгүндө ротанын, өзүн­чө эскадрондун, батальон­дун командири, 1997– 2002-ж. аскер бөлүктөрүндө командир, 2002–04-ж. КР Куралдуу Күчтөрүнүн Баш­кы штабынын аскерге даяр­доо башкармалыгынын начальниги, 2004-жыл­дан Б ашкы к үжү р м өн б ашк ар мал ыгында начальниктин орун басары, 2006–08-ж. КР Кор­гоо министринин орун басары, 2008–09-ж. КР-дин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги – КРдин коргоо министринин 1-орун басары болуп иштеген.