ЖАПАСАЛДЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАПАСАЛДЫ – Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нундагы кыштак. Актам айыл округуна караштуу. Ала-Бука – Кербен автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1350 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыш-нан 8 км чыгыш тарапта. Наманган т. ж. бекетинен 73 км. Кыштак 1850-ж. негизделген. Калкы 1604 (2007); негизинен мал чарбасында, тамекичиликте эмгектенет. Эки орто ж-а муз. мектеп, клуб, китепкана, медпункт, бала бакча, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП, мончо иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.