ЖАПА-САЛДЫ БИЛЕРИКТЕРИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАПА-САЛДЫ БИЛЕРИКТЕРИ – биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта отурукташып жашаган, коло доорунун урууларына таандык билериктер. Алар томпок-катарыңкы колодон куюп жасалган археологиялык өзгөчө табылга. Ала-Бука районундагы Жапа-Салды кыштагынын жанынан табылган. Билериктердин учтары конус формасындагы спиралсай баймалдары менен кооздолуп, уркуюп чыгып турган кичиней мүйүзчөлөрдү элестетет. Диаметри 7, туурасы 1,6 см. Билериктер Түштүк Кыргызстанда жашаган уруулардын кооздук-асем буюмдары жөнүндө, ошондой эле колдонмо өнөрүнүн пайда болушунан маалымат берет.
А. Абетеков.