ЖАПЫШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАПЫШЕВ Рысбай (1933-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Будалык кыштагы) –

малчы, Социалисттик Эмгектин Бааты­ры (1986). Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устат (1976). Эмгек жо­лун 1948-жылы Ош облусунун Гүл­чө районундагы (азыр Алай району) «Октябрь» колхозун­да чабандын жардамчысы болуп иштеп баштаган. 1960-жылдан баш чабан. Кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты натыйжаларга же­тишип, 1985-жылы биринчи туут койдун ар жүзүнөн 127ден козу, ар койдон 5,2 кгдан жүн кыркып алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери м-н сыйланган.