ЖАПЫШЕВ
(ЖАПЫШЕВ Рысбай барагынан багытталды)
ЖАПЫШЕВ Рысбай (1933-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Будалык кыштагы) –

малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1986). Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устат (1976). Эмгек жолун 1948-жылы Ош облусунун Гүлчө районундагы (азыр Алай району) «Октябрь» колхозунда чабандын жардамчысы болуп иштеп баштаган. 1960-жылдан баш чабан. Кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты натыйжаларга жетишип, 1985-жылы биринчи туут койдун ар жүзүнөн 127ден козу, ар койдон 5,2 кгдан жүн кыркып алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери м-н сыйланган.