ЖАР
ЖАР – бир жагын суу жеп кеткен же урап калган бийик тик жер; кемер, суунун кемерленген бийик жээги; тоонун бир жагы урап калган бети. Көл, деңиз жээктеринде да пайда болот. Жарлардын пайда болушуна тоо боорунда ж-а таманында пайда болгон төмөндөөлөр, чуңкурайткан издер, бороздойлор, аңдар кеңейип, бири-бирине кошулушу негиз болот. Көбүнчө агын суу, көл шарпылдагы, жаан-чачын суусу чопо,

сары топурак, кум ж. б. борпоң тектерден түзүлгөн жерлерди жемирип кетишинен пайда болот. Жардын узундугу жүздөгөн мден бир нече кмге, туурасы бир нече мден ондогон мге, ал эми тереңдиги ондогон мге чейин жетет. Эгерде жар пайда болуу токтосо, ал жерде чөп м-н бадалдар өсүп, жар «балкага» же кокту-колотко айланат. Жар пайда болуу процесси айыл чарбага орчундуу зыян келтирет. Аны токтотуу иш-чаралары эрозияга каршы агротехникалык ж. б. ыкмаларды колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Жарлар КМШнын европалык бөлүгүндө, Кытайдын лёсстуу аймактарында, АКШда ж. б. жерлерде кеңири таралган. Кыргызстанда ага байланыштуу Жар-Башы, Айгыр-Жар, Жар-Таш, Кызыл-Жар ж. б. топонимдер бар.