ЖАРАКЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРАКЕ – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Акман айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 735 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 11 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол беке­тинен 24 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 3200 (2022); негизинен дыйканчылык­та, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, китепкана, соода түйүнү, ФАП, ме­чит ж. б. бар.