ЖАРАМАЗАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРАМАЗАН (фарсча ярамазан) – орозо (му­сулман календары боюнча рамазан же рамадан) айында, асыресе, айдын экинчи жарымында түнкүсүн үймө-үй кыдырып ырдалуучу эски ди­ний жана каада-салт ырлары. Жарамазанды илгери көбүнчө балдар, кээде чоңдор (демейде кедейлер) айтышкан. Жарамазан айткандар эки-үчтөн болуп алып үймө-үй, айылма-айыл кыдырып, үй ээсинин ка­дыр-баркын, ата-тегин, үй-бүлөсүн, мал-жанын мактап ырдашкан; ага ден соолук, байлык-ба­кыт, кармаган орозосунун кабыл болушу сыяк­туу жакшы тилектерин билдиришкен. Жарамазан учу­рашуу, мактоо, суроо жана бата сыяктуу бөлүк­төрдөн турган. Жарамазан туруктуу даяр ыр түрмөктө­рүнөн туруп, ага айтуучу ырчылык жөндөмүнө жана ар кыл кырдаалга жараша алымча-ко­шумча киргизе алган. Жарамазан комуздун коштоо­сунда да аткарылат.