ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ – калкты душмандын мүмкүн боло турган кол салуусунан сактоо ж-а эл чарбасынын туруктуу иштешин камсыз кы­луу максатында тынчтык ж-а согуш мезгилин­де жүргүзүлүүчү жалпы мамлекеттик коргонуу чарала­рынын системасы. Калкты ж-а чарбаны коргоо чаралары 1-дүйнөлүк согуш (1914–18) убагында эле башталып, 2-дүйнөлүк согуш (1939–45) учу­рунда маанилүү роль ойногон. Куралдуу күчтөрдө ядролук куралдардын, ракеталардын пайда бо­лушуна ж-а көбөйүшүнө байланыштуу 1950- жылдардан ири мамлекеттердин көпчүлүгүндө жарандык коргонуу түзүлгөн. 1972-жылдан жарандык коргонуунун эл ара­лык уюму уюшулуп, ага Африка, Латын Аме­рика ж-а Азия өлкөлөрү кирген. Жарандык коргонууга жал­пы жетекчиликти өлкөнүн өкмөтү, ал эми жер-­жерлерде жергиликтүү өкмөт уюмдары жүргүзөт. Жарандык коргонуу тынчтык ж-а согуш мезгилинде пайда болгон коркунучтардан калкты коргоо ж-а коргонуу ыкмаларына үйрөтүү, калкты, материалдык ж-а маданий дөөлөттөрдү кыйроодон сактап калуу үчүн кечиктирилгис иштерди жүргүзүп, аларды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү коммунал­дык-техникалык кызматтардын ж-а коммуникациялар­дын туруктуу иштешин камсыз кылуучу шарт­тарды түзүү, азык-түлүктү, сууну сактоо ж. б. милдеттерди аткарат. Жарандык коргонуу аймактык-өндүрүш­түк принцип боюнча уюштурулуп, жарандык коргонуу жаатын­дагы иштер «Жарандык коргонуу жөнүндө» КРдин мыйзам жоболору ж-а ченемдик-укук­тук актылары м-н жөнгө салынат. Өлкөбүздө жарандык коргонууну КРдин Премьер-министри жетектейт. КРдин өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жарандык коргонуу башкы башкармалыгы, облустарда, Биш­кек, Ош шаарларында жарандык коргонуу башкармалыктары, район­дордо ж-а шаарларда жарандык коргонуу бөлүмдөрү, ми­нистрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомство­лордо жарандык коргонуу штабы бар. Жарандык коргонуу күч­төрүнүн уюштуруу түзүмү ж-а штаттык саны КРдин өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабы­нан аныкталат ж-а КРдин Президенти тарабы­нан бекитилет.