ЖАРГАК ШЫМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАРГАК ШЫМ , ч а л б а р – эркектердин элик, эчки, текенин терисинен жасалган сырт кийими. Тери жыдытылып, малмага салынып, ийленгенден кийин ышкын түпкө же кабыкка боёлот. Жаргак шымдын багалегинин эки жагы тилик келип, түстүү жиптер мене-н көбөөлөнүп саймаланган. Кашаты кең жасалып, ага өрмө же кайыш ычкыр тагылган.

Жаргак шым аңчылыкта, жоокерчиликте, ал эми кооздолгондору тойлордо, жөө күрөш, оодарыш өңдүү оюндарда кийилген. Азыркы учурда Жаргак шым кийилбей калды.