ЖАРГАНАТТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРГАНАТТАР (Chiroptera) – сүт эмүүчүлөр түркүмү. Дене узундугу 3–40 см, колдору учууга ыла­йыктанып, канатка айланган. Ийин, манжа ж-а дене капталынан башталган тери жаргак­ча арткы буттары м-н куйругуна чейин кери­лип турат. Тиши курч. Адамга угулган үндөн башка ультра үн чыгарып, анын начар чагылы-

шын да кабыл алууга жөндөм­дүү. Ошондуктан жарганаттар начар көрсө да, караңгыда эч нерсеге урунбай уча алат. Суук тү­шөрү м-н чээнге кирет. Тропик өл­көлөрүндөгү жарганаттар жылына эки жолу,

ал эми суук ж-а мелүүн климаттуу жердегилери бир жолу тукумдап, бир же экиден тууйт. Алардын эки түркүмчөсү бар; тропикте жашоочу 20дай тукумунун азыркы 650– 700 түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 3 тукум­дун 41 түрү (така мурун жарганат ж. б.), Кыргызста­нда 16 түрү жашайт. ТКЭСтин Кызыл китебине 3 түркүмчөсүнүн 5 түрү, Кыргызстандын Кызыл Ки­тебине 5 түрү катталган.