ЖАРГАРТ МРАМОР КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАРГАРТ МРА́МОР КЕНИ Талас районунда, Талас шаарынан 80 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 2800– 3500 м бийикте жайгашкан. 1985-жылы кенташ эмес заттарды геологиялык чалгындоочу Кыргыз экспедициясы издөө-баалоо иштерин жүргүзгөн. Мрамор жогорку рифей мезгилинде пайда болгон. Доломиттүү, жашыл түстүү, тилкечелүү, өтө кооз. Орточо тыгыздыгы 2,72 г/см3, көзөнөктүүлүгү 1,19%, суу сиңирүүсү 0,16%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 110,7 МПа, сууга каныккан абалында – 101,7 МПа, жешилүүсү 1,23 г/см2. I ж-а IV топтордогу блоктордун чыгышы 11,21%, даяр такталардын чыгышы – 5,3төн 9,2 м2/м3 чейин. С категориясы б-ча запасы – 740 миң м3.