ЖАРГЫЛЧАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАРГЫЛЧАК – дандан талкан, угут жана башкаларды тартууга ылайыкталган кол тегирмен. Жаргылчактын астыңкы жалпак ташы тегеренбейт, анын так ортосундагы көзөнөгүнө кагылган катуу жыгач же темир шимеги болот. Шимек жаргылчактын үстүңкү ташынын ортосуна кирип, анын бир окто айланышын камсыз кылат. Тартылуучу дан шимектүү көзөнөккө ууч менен салынат. Жаргылчак үстүнкү бетинин бир жак четиндеги көзөнөгүнө кагылган жыгач туткасы аркылуу кол менен айландырылат. Тартылган дан анын алдына салынган супурага түшүп турат. Жаргылчакты аялдар жана балдар тарткан. Учурда жаргылчак сейрек колдонулат.
