ЖАРДЫ-КАЙЫҢДЫ КОРУКЧАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРДЫ-КАЙЫҢДЫ КОРУКЧАСЫ – Чүй обл­усунун Панфилов районундагы мамлекеттик аңчылык ко­рукчасы (заказниги). Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, Жарды-Кайыңды суусунун алабын ээлейт. Аянты 8,7 миң га. Азайып ж-а жоголуп бараткан элик, доңуз, тоо эчки, кекилик ж-а кыргоолдорду коргоо ж-а көбөйтүү макса­тында 1976-жылы уюшулган.

Жарды-Кайыңдынын башаты.