ЖАРКЫМБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРКЫМБАЕВ , Т а ш т а к, К а м е н к а – Ысык-Көл р-нундагы кыштак. Абдрахманов атн. айыл округуна караштуу. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1650 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чол­пон-Ата ш-нан 70 км чыгыш тарапта. Балык­чы т. ж. бекетинен 150 км. Кыштак 1834-ж. не­гизделген. Калкы 2676 (2008); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китеп­кана, амбулатория, дарыкана, клуб бар. Мон­чо, ашкана иштейт. Улуу Ата Мекендик согуш­та курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак ушул жерде төрөлгөн Сов. Союз. Баа­тыры К. Жаркымбаевдин ысмынан аталган.