ЖАРКЫМБАЕВ Акмат

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРКЫМБАЕВ Акмат (1882, Нарын облусу, Ат- Башы району, Ак-Жар кыштагы –1982, ошол эле жер) –

малчы, Социалистик Эмгектин Ба­атыры (1957). Кыргыз ССРи­нин мал чарбасына эмгек сиңирген устат (1955). Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ленин атындагы колхоздо баш чабан бо­луп иштеген. Койдун санын көбөйтүүдө, кунардуулугун арттырууда чоң ийгилик­терге жетишип, 1954–56-ж. ар койдон 4,2, 1957-ж. 4,5 кг­дан жүн кыркып алган. Ар бир ириктин тирүүлөй салмагын 70 кгга жетки­рип, мамлекетке өткөргөн. Ленин ордени м-н сыйланган.