ЖАРКЫМБАЕВ (Ысык-Көл районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАРКЫМБАЕВ , Т а ш т а к, К а м е н к а – Ысык-Көл районундагы кыштак. Абдрахманов атындагы айыл округуна караштуу. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1650 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 70 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 150 км. Кыштак 1834-жылы негизделген. Калкы 2210 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, дарыкана, клуб бар. Мончо, ашкана иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак ушул жерде төрөлгөн Советтер Союзунун Баатыры К. Жаркымбаевдин ысмынан аталган.