ЖАРКЫМБАЕВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРКЫМБАЕВ Акмат (1882, Нарын обл., Ат- Башы р-ну, Ак-Жар кыш. –1982, ошол эле жер) –

малчы, Соц. Эмг. Ба­атыры (1957). Кыргыз ССРи­нин мал чарбасына эмг. сиң. устат (1955). Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы Ленин атн. колхоздо баш чабан бо­луп иштеген. Койдун санын көбөйтүүдө, кунардуулугун арттырууда чоң ийгилик­терге жетишип, 1954–56-ж. ар койдон 4,2, 1957-ж. 4,5 кг­дан жүн кыркып алган. Ар бир ириктин тирүүлөй салмагын 70 кгга жетки­рип, мамлекетке өткөргөн. Ленин ордени м-н сыйланган.