ЖАРМА-САЙ ДОЛОМИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРМА-САЙ ДОЛОМИ́Т КЕНИ Баткен облусунун Лейлек районунда, Сүлүктү шаарынан 3 км түштүк-ба­тышта, деңиз деңгээлинен 1205–1325 м бийикте жай­гашкан. 1949–72-жылдарда чалгындоо иштери жүргү­зүлгөн. Кен аймагы палеозой заманындагы до­ломит тектеринен турат. Доломитти кара ме­таллургия, кээ бир түрүн химия, кагаз ж-а айнек өнөр жайында пайдаланууга болот. С1 категориясы боюнча запасы 993,4 миң м3.